Жаңылыктар
Орхан Инандыга байланыштуу жагдайлар
Кыргызстан жаңылыктары
Орхан Инандыга байланыштуу жагдайлар

"Сапат" эл аралык билим берүү уюмунун президенти Кыргыз Республикасынын жарааны Орхан Инандынын жоголгону тууралуу май айынын аягында маалымат тараган эле. Ошондон бери аны өлкөнүн укук коргоо органдары издеп, таппай келишкен. 5-июлда Түркиянын мамлекет башчысы Түрк телеканалы аркылуу Орхан Инандынын өз жерине алып келингени жөнүндө айтып чыкты. Ал эми 6-июлда, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмат Доган КРнын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Ага Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны кармап, Түркияига жеткирүү боюнча түрк тараптын атайын операция жүргүзгөнүнө байланышуу каршылык нотасы берилди.

Ал нотада кыргыз тарап эл аралык, анын ичинде адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоо жаатындагы Адам укуктарынын жалпы декларациясында, ошондой эле жарандык жана саясий укуктар, жана башка документтерде көрсөтүлгөн укуктун негизги принциптерин жана ченемдерин одоно бузган мындай аракеттерге жол берилбестигин баса белгиледи.

Кыргыз тарап түрк тарапты Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтарып берүүгө жана ага туура мамиле жасоону камсыздоо, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык, ага каршы зомбулук жана кадыр-баркын басмырлаган аракеттерди колдонбоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө чакырды. 

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара саясий жана экономикалык өнөктөштүк мамилелер, дипломатия тили менен ар дайым жарыялынып келген достук, бир туугандык катнашууларын Түркиянын Орхан Инандыга байланыштуу жасаган аракеттери жокко чыгарып таштагандай сезилет. Түрк тараптын мындай кадамдарынын ары жагында кандай маселелер жатканын бүгүнкү күндө анык айтуу оңой эмес. Бир жагынан, Түркия Орхан Инандыга карата жасаган аракеттери аркылуу өзүнүн ички саясий маселелерин чечүүнү көздөп келет. Экинчи жагын алып карасак, мындай, мыйзам талаптарын, эл аралык укуктук принциптерин одоно бузуу менен жасаган кадамдары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизбей коёрун түрк тарап жакшы билет, бирок ошого карабастан ушундай кадамга барганын мыйзам чегинде түшүнүү мүмкүн эмес. 

Кандай болгон күндө да Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтаруу, КРнын Конституциясына жана эл аралык укуктук нормаларга ылайык анын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо багытындагы дипломатиялык аракеттерин токтотпойт.