Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен мезгил-мезгили менен маектешип турушу салтка айланып бараткандай. Албетте, өткөн жылдын күз айларындагы пресс-конференцияда суроолорго жооп берип, журналистер менен маектешкенине караганда ушул жумада өткөргөн пресс-конференциянын деңгээли бир кыйла өйдө тургандай сезилет. Андан бери Камчыбек Ташиевдин кесипкөйлүк деңгээли өсүп, тажрыйбалуулугу артып, компетенттүүлүгү, массалык маалымат каражаттарына жасаган мамилеси да өзгөрүп, өз нугуна түшкөндөй сыяктанат.
Өткөн жылдын октябрь айындагы өлкөдөгү болуп өткөн саясий окуялардан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине эбегейсиз жүк жүктөлгөн. Ага байланыштуу коррупциялык кылмыштуулук, ички жана тышкы коопсуздук, чек арадагы чечилбеген маселелер боюнча журналисттердин көптөгөн суроолоруна УКМКнын төрагасы жооп берип, түшүндүрмөлөрдү элдин кулагына жеткидей кылып айтып берип жатты. Бирок, өлкөдөгү ошол күндөрдөгү абалдын өзу да суроолордун бардыгына тең жооп бергидей деңгээлге жете элек болчу.
Камчыбек Ташиевдин ушул жумадагы пресс-конференциясында журналисттердин суроолоруна берген жооптору башка денгээлде угулуп, так жана объективдүү фактылары менен маалымат булактарына жеткирилип жатты. Анын берген маалыматтары элдин калың катмарына жетип колдоого ээ болду. Бирок, "бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, так айтылган сөз коомчулуктун айрым өкүлдөрүнө жакпай, айрым саясий күчтөр пресс-конференциянын жүрүшүндө айтылган сөздөрдү өзүнүн кызыкчылыктарына ылайык тетири бурмалап бийликтин жана укук коргоо тармагынын жогорку деңгээлине чейин кайрылып, Камчыбек Ташиевди каралоо аракеттерин да жасап көрдү. Мындай кадам тек эле жергиликтүү кенештерге болгон шайлоолордун алдында жасалган кадам экенинде шек жок, дейт саясий эксперттер. Ит үрө берет - кербен жүрө берет, дейт эмеспи.
Бүгүнкү күндө УКМК Кумтөр алтын кенине байланыштуу бир нече кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттерин улантууда. Бул чейрек кылымдан бери чечилбей келген чаташкан коррупциялык түрмөктүн учун таап чубап чыгуу өтө кыйын маселе. Бирок коопсуздук комитетинин адистери өз ишин так жана мыйзам чегинде алып барууда. Кумтөр боюнча коррупциялык түрмөккө аралашып калгандардын арасында өлкөнүн белгилүү саясий ишмерлери, мурдагы мамлекет башчылары, премьерлери, министрлери жана депутаттары бар экени белгилүү болууда. Ошондуктан да бул кылмыш иштерин аягына жеткирүү оңой иш эмес. Ташиевди каралоонун максаттарынын бири да ушул кылмыш иштерине байланыштуу болушу мүмкүн, деп белжолдоп келет эксперттер...