Бийик тоолуу "Муз-Төр" чек ара заставасы 30 жылдан бери убактылуу дизел электрстанциясы аркылуу электр жарыгы менен камсыздалып келген. Чынын айтканда, ошол дизел станциясы дагы чектелүү гана мөөнөттө иштетилип келсе керек. Ал эми көбүнчөсү чек ара кызматкерлери атам замандагы керосин чырактарын пайдаланып келген.
Бүгүнкү күндө, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстан улуттук энегротармагынын "Чыгыш электро" компаниясынын адистери 30 жыл мурун курулган алыскы чек ара заставасын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга жетишишти. Болгондо да электрэнергиялык көмөк чордону 20 күндүн ичинде бүтүрүлүп ишке киргизилди. 110 килоВольт жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунун куруу иштери 20 күндүн ичинде аягына чыгып, курулуш иштеринин жалпы суммасы 5 миллион 700 миң сомду түздү. Көмөк чордондун курулушу менен бюджеттен жыл сайын болжол менен 2 миллион сом үнөмдөлөт.