Жаңылыктар
Ош: Добуш берүү жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: Добуш берүү жыйынтыкталды

Ош шаардык кеңешине болгон кайра шайлоого 40 пайыздын айланасында добуш берүүчүлөр катышты. Өнөктүк учурундагы мыйзам бузуулар жана арыздар аймактык шайлоо комиссиясы жана ички иштер башкармалыгы тарабынан кабыл алынып, ар бир кайрылуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Жалпы 13 кайрылуу түшсө анын бешөө добуш сатып алууга болгон аракет, алтоо шайлоо тилкелеринин алдында тизмеден жарандарды тактоо жана калганы социалдык баракчалар аркылуу келген арыз кайрылуулар менен техникалык себептерден улам чыккан жагдайлар болгон. Бул боюнча биздин каналга Ош шаардык аймактык комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди. Ал эми кайра шайлоо өнөктүгү дээрлик өз нугунда өтүп, шайлоо тилкелери белгиленген тартипте кечки саат сегизде эшиктерин жапты. Шаардык кеңештеги 45 депутаттык мандат үчүн 8 партиядан 688 талапкер ат салышты. Калаада жалпы 78 шайлоо тилкеси иштеди.