Жаңылыктар
Ош шаарында 14:00гө карата 40 миң 695 шайлоочу добуш берүүгө катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында 14:00гө карата 40 миң 695 шайлоочу добуш берүүгө катышты

Бул аталган калаадагы шайлоочулардын 26,65 пайызын түзөт. 

Ал эми, 14:30га карата Ош шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо учурунда мыйзам бузуулар тууралуу 8 билдирүү келип түштү. Анын экөө шайлоочулардын добушун сатып алуу болсо, төртөө шайлоочулардын тизмелери менен добуш берүү тилкелеринде туруу, калган экөө жарандарды унаа менен ташуу боюнча. Бул тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди. Айтымында, шайлоочулардан 1, социалдык тармактардан 4, Ички иштер башкармалыгынан 3 билдирүү түшкөн. 2 билдирүү боюнча ыкчам чара көрүлүп, маалыматтардын электрондук каттоосуна киргизилгенден кийин аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилген. Азыр 6 билдирүү боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.