“Унаа” мамлекеттик мекемесинде коррупциялык схема аныкталды, - деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жеке пайда көрүү максатын көздөп, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен коррупциялык схема түзүшүп, чет өлкөдөн келген унааларды мыйзамсыз каттап келишкендиктери аныкталды.
Кыргызстандын аймагында оң рулдуу унаалар каттоого алынбай тургандыгы мыйзамда көрсөтүлгөнү менен "Унаа»" мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери жогорудагыдай эле мыйзам бузуу менен 16 унааны каттоого алышып, мамлекетке 14 млн 340 миң 297 сомдук зыян келтиришкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаардык прокуратурасы тарабынан бул факты Жазык Кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.