Жаңылыктар
Ысык-Атадагы көлмөгө эки кыз чөктү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Атадагы көлмөгө эки кыз чөктү

Ысык-Ата районунун Эпкин айылында жайгашкан көлмөгө эки кыз чөгүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык тууралуу билдирүү 9-июлда түшүп, анда 16 жана 18 жаштагы эки кыз сууга чөгүп кеткендиги кабарланган. 

Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар тартылып, эки кыздын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.