Жаңылыктар
Мамлекеттик камкордук
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик камкордук

Президент Садыр Жапаров Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон кыргызстандык жоокер Хуснидин Хажиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында президент маркумдун жакындарын колдоо максатында Баткен облусунун Баткен шаарынан 85 чарчы метр жаңыдан курулуп жаткан үйдү берүүнү тапшырды. Маркумдун жакындарына облустук, райондук чек ара кызматтары, облустук бийлик тарабынан да акчалай жардам көрсөтүлүп жатканан Абдикарим Алимбаев белгиледи.

8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагында кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгон. Анда чек арачы Хуснидин Хажиев окко учкан. Анын сөөгү 10-июлда өзү туулуп өскөн Лейлек районунун Бешкент айылында жерге берилди.