Кырызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин Тажикстандын чек арачылары кармап кеткен УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.
Чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, 10-июлга карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. "2021-жылдын 10-июлуна караган түнү саат 00:55те прапорщик Умаров "Кайрагач" бекети аркылуу Кыргызстанга жеткирилди. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан. Натыйжада кыргызстандык бир аскер курман болгон.