Жаңылыктар
Бишкекте эпидабал курч
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте эпидабал курч

Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, деп билдирет борбор калаанын мэриясынан. Алардын маалыматы боюнча, азыркы учурда медициналык кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. «Ошондой эле биз COVID-19 вирусунун жайылышын токтотуу үчүн бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Борбор калаада эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу элге медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн көтөрүү үчүн үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып калаадагы үй-бүлөлүк медициналык борборлордо дарылоо бөлмөлөрүнүн иш убактысы узартылган»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, муниципалитеттен дарылоо бөлмөлөрүндө бейтаптар саат 08:00дөн 20:00гө чейин венага, булчуңга жана теринин астына укол ала алышаарын эскертти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча орундарды ачышканын дагы бир жолу белгилейт, ал эми дарылоо бөлмөлөрү вирус жуктурбагандарга арналган.

Дарылоо бөлмөлөрүндө ийне сайдыруу үчүн бейтаптарда сөзсуз түрдө дарылоочу дарыгердин мөөрү менен жазуу түрүндөгү дайындоосу болушу керек.