Жаңылыктар
Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар

Бишкектеги жана шаар четиндеги 15 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 306 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 19 оорукана даярдалган. 10-июлда алынган маалымат боюнча, анын 15инде бош орун бар.

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада — 22;

№2 клиникалык төрөт үйүндө — 3;

Улуттук кардиология жана гематология борборунда — 6;

Чүй облустук бириктирилген ооруканасында — 10;

Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмүндө — 10;

Улуттук онкология жана гематология борборунда — 8;

Улуттук госпиталдын урология корпусунда — 4;

Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында — 5;

Улуттук наркология борборунда — 8;

Аскердик госпиталда — 3;

Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда — 51;

Улуттук госпиталдын терапия бөлүмүндө — 8;

Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде —58;

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда — 11;

Фтизиатрия борбору, КММАнын №6 жатаканасында — 99 бош орун бар.