Кыргызстанда коронавирус дагы 1 295 адамдан табылып, 10 бейтап көз жумду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалгандай, көз жумгандардын алтоо Бишкектен, экөө Чүй облусунан, бирөө Ош шаарынан болсо, дагы бири Ош облусунун тургундары болгон. Ооруну жуктургандардын эң көбү Бишкек шаарында. Соңку бир күндө баш калаада 788 адамдан илдет аныкталган. Ошол эле маалда соңку бир күндө 892 адам оорудан айыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 585 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 282 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 138 миң 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 117 миң 250 киши айыгып чыкса, 2 миң 93 адам каза болду.