Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы 2016-жылы Кыргызстандын паспортторун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп жатат. Башкармалыктын маалымат кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы Фарид Ниязов жетектеген Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын төрагалыгы астында он түрк жаранын Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алынып, ошол эле жылы, Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Түркиянын он жараны Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынган жана аларга Кыргыз Республикасынын паспорту мыйзамсыз берилген.
Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары сотко чейинки процесстин алкагында бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн улантылууда.