Жаңылыктар
КР Президентинин алдында коррупцияны ооздуктай турган жаңы ишкер кеңеши түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
КР Президентинин алдында коррупцияны ооздуктай турган жаңы ишкер кеңеши түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында коррупцияны ооздуктай турган жаңы ишкер кеңеши түзүлдү. Мындай түзүм тууралуу жарлыкка ушул жумада президент өзү кол койгон. Серепчилердин айтымында жаңы түзүлгөн бул структуранын алдында азыр чоң сыноо турат. 

Эгерде президенттин түз көзөмөлүндө боло турган ишкер кеңеш бизнесмендерге чындап дем берип ишендирип, аларды кубаттуу күч катары бириктире турган күчтүү аянтчага айланса - өлкөгө тыштан агылып кире турган инвестициялар кайрадан жанданат деп бекемдешүүдө.