Чек арачынын жубайы Надира Абдиева жашоо тиричилик бир топ өзгөргөнүн айтты. Үй оокаты жеңилдеп, тамак жасоодо, күжүрмөн даярдыктагы жолдошуна бачым чай кайнатып бере салганга эми электр энергиясы үзгүлтүксүз жетип турат. Мурда эки саатка гана берилген жарык эми дайыма жанат.
"Музтөр" чек ара тозотуна жарык менен чогуу кубаныч кирди. Ар бир үй-бүлөдө балдардын күлкүсү жаңырып, сыналгыдан акыркы жаңылыктар менен кабардар .
Бул чек ара тозотундагы көп кабаттуу үйдө 16 кожолук бар. Азыр барына тең электр энергиясы берилген. Энергетиктер 20 күндүн ичинде кубаттуулугу жогору подстанцияны орнотуп беришкен. 5 миллион 700 миң сом каражат энергетика тармагынын өзүнүн бюджетинен кетти. Бул подстанциянын дагы да болсо Арпа өрөөнүндөгү кыштоодо жайгашкан сарайларга да жарык берүүгө күчү жетет.