11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иштер аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ар бир шайлоо комиссиясы боюнча түзүлгөн шайлоочулардын такталган тизмеси баардык шайлоо тилкелерине илинди жана "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Эске салсак, үч шаардагы кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.