Жаңылыктар
Инандыга байланыштуу окуяны чаташтырбоо керек - Саясат таануучу
Кыргызстан жаңылыктары
Инандыга байланыштуу окуяны чаташтырбоо керек - Саясат таануучу

Орхан Инандынын уурдалышы акыркы апталарда эң көп талкууланган маселеге айланды. Жоголгон Орхан Инандынын айласындагы жагдай Жогорку Кеңеште да талкууланып, Тышкы иштер, Ички иштер жана башка министрлик менен мекемелердин жетекчилеринин маалыматтары угулду. Ал арада жоголгон Орхан Инандынын кош жарандыгы бар экени айкын болду.

Уурдалып кетип дайыны Түркияда экени билинген Орхан Инандыны Кыргызстанга алып келгиле деген талапты шаршемби күнү бир топ эл өкүлдөрү айтып чыккан. Кыргыз жараны да болгондон кийин эгер айыбы болсо ушул жактан эле жазасын алсын дешкен.