Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча иликтөө жүргүзүүдө.
Окуя болгон жерде УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери окуянын себептерин иликтеп жатышат. Тажик чек арачыларынын Кыргызстандын чек ара кезметине куралдуу кол салуусунан УКМКнын Чек ара кызматынын жоокери - 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев курман болгон. Тажик тараптан дагы бир жоокер каза болгону айтылууда.
Эске салсак, 8-июлда саат 17:00 чамасында УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан.