"Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык “DongFeng” компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда. Алгач көп суроо-талапка ээ жүк ташуучу унааны кураштырган. Азырынча унаанын баасы чечиле элек. Эгер алардын базарга өтүмү жакшы болсо, анда унаанын башка түрлөрү дагы жасалмакчы.
Завод 2018-жылы ишке кирип, андан бери электр эсептегич, трансформатор жана тез жардам унаасын чыгарышкан. Ишканада учурда 300дөй кызматкер эмгектенет. Ал эми завод толук ишке кирсе жумуш орундарынын санын беш миңге жеткирүү пландалууда.
Кийин 2020-жылдын ортосунан тарта завод электр генераторун, электр калканыч, лифт, темир эшиктерди чыгарып баштаган. Жакшы жагы ишкана жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдү лифт менен камсыздай баштады. Адистердин айтымында, буга чейин лифт чет мамлекеттерден алынып келинсе, азыр ишкана 36 кабаттуу үйгө керектүү лифтке буйрутма алган.
Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалып, өндүрүш процесстери немец технологиялары менен жүргүзүлүүдө. Учурда Түркия жана Россиядан келген адистер да тажрыйба бөлүшүп эмгектенип жатат. Ишкана бюджетти толтуруу үчүн гана эмес, жумуш орундарын түзүү максатында да ачылган.