Жаңылыктар
Салык чогултуунун жүрүшү
Кыргызстан жаңылыктары
Салык чогултуунун жүрүшү

6 айдын ичинде Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине 46 млрд 969 млн 200 миң сом көлөмүндө салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов билдирди.


Анын айтуусунда, белгиленген план 105,8 пайызга аткарылды же 2 млрд 579 млн 900 миң сомго ашыгы менен аткарылды.
"Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 13 млрд 376 млн сомго көбөйүп, өсүү ыргагы 139,8%ды түздү. Анын ичинде республикалык бюджетке 37 млрд 817 млн 800 миң сомдун салыктары түшкөн, аткаруу 105,3%ды түзгөн же 1 млрд 891 млн 800 миң сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу салыктар жана төлөмдөрдүн түшүүсү 11 млрд 162 млн 800 миң сомго көбөйүп, өсүү ыргагы 141,9%ды түздү", - дейт ал.

Салык кызматынын төрагасы кошумчалагандай, жергиликтүү бюджетке 9 млрд 151 млн 500 миң сом түштү. План 108,1% га же 688 млн 300 миң сомго ашык аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 2 млрд 213 млн 300 миң сомго көбөйдү же өсүү темпи 131,9% түздү.