Шайлоо учурунда добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды колдонууга бөгөт коюлуп, мыйзамга ылайык ыкчам чаралар көрүлөт.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМ бардык жеке жана юридикалык жактарды шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. "Ички иштер министрлиги шайлоочулардын добуштарын сатып алууну аныктоо боюнча керектүү ыкчам иштерди жүргүзүп, ал эми жарандарга добуштарды сатуу кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертүүдө", - деп айтылат билдирүүдө. Ички иштер органдарынын алдына бардык мыйзам бузууларга токтоосуз аракеттерди көрүү тапшырмасы коюлду. Милиция ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюуга, мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууга, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп, жүктөлгөн тапшырмаларды так аткарууга милдеттүү. Добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды пайдаланууга жана башка мыйзам бузууларга жол берилбейт.