Жаңылыктар
Кыргызстанда жыл соңуна чейин 27 жаңы мектеп салынып, пайдаланууга берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жыл соңуна чейин 27 жаңы мектеп салынып, пайдаланууга берилет

Кыргызстанда жыл соңуна чейин 27 жаңы мектеп салынып, пайдаланууга берилет.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Аталган мектептер 2017-жылы макулдашылган долбоордун алкагында, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан берилген насыяга курулууда. 27 мектептин тендер боюнча жалпы сметалык наркы 25 миллион долларды түзөт. Анын алкагында Бишкек шаарында — 3; Ош шаарында — 1; Ош облусунда — 5;
Чүй облусунда — 4; Ысык-Көл облусунда — 3; Жалал-Абад облусунда — 3; Нарын облусунда — 3; Баткен облусунда — 3; Талас облусунда — 3 билим берүү мекемеси пайда болот. Учурда 150 орундуу төрт мектептин курулушу бүткөрүлгѳн. Алар Нарын облусунун Бугучу айылында, Оштун Маданият жана Чек-Абад, Жалал-Абад дубанынын Кызыл-Ата айылдарында жайгашкан.