Жаңылыктар
ФЕТОнун активисттерине аңчылык күчөдү
Кыргызстан жаңылыктары
ФЕТОнун активисттерине аңчылык күчөдү

Мындан беш жыл мурда, 16-жылы Түркияда болуп өткөн төңкөрүштөн улам 200 миңден ашык адам кармалып азыр абакта отурат. Дүйнөнүн чар тарабына таркап кеткен ФЕТО уюмунун өкүлдөрүн кармап берүү үчүн Түркия жүздөгөн мамлекеттерге кайрылган. Бирок көбү аны аткарган жок. Түркиянын атайын кызматтары болсо өз мамлекетинин душманы деп эсептегендерди мыйзамсыз ыкмалар менен болсо дагы башка өлкөлөрдөн уурдап алып кетүүдө-дейт эксперттер. 
 
Бир айдан ашык убакыт бою дайыны билинбей кийин Түркияга жеткирилгени анык болгон Орхан Инандыны түркиянын атайын кызматтары өздөрү уурдап кете алмак эмес. Ал үчүн Кыргызстандын шартын жакшы билип, мыйзамды да урматташы керек болот. Эксперттер бул ишке жакындан жардам бергендер болгон деп шек санашууда.
 
Быйыл Түркиянын улуттук чалгын кызматы ФЕТО уюмунун чет өлкөлөрдө баш калкалап жүргөн лидерлери деген адамдарга аңчылыгын өзгөчө күчөттү. Түркияга жеткирилген ФЕТО уюмунун жетекчилеринин бири Африканын Кениясынан кармалып барган Салахиддин Гүлен болсо, Борбор Азия чөлкөмүнүн деңгээлиндеги экинчи чоң жетекчи деп Орхан Инанды айтылды. Андан тышкары Гюрбюз Севилай жана Тамер Авжы аттуу активисттер Өзбекстандын аймагынан кармалып жеткирилген. Орхан Инандыда эки мамлекеттин тең паспорту болгондуктан эми анын тагдыры эл аралык мыйзамдарга ылайык дипломатия жолу менен чечилиши керек.
 
Бирок эксперттер айтмакчы балким бир учурда Түркиядагы саясий жагдай башка жакка өзгөрүп кете турган болсо бул уюмга байланыштуу кармалып, камалган адамдардын тагдырын сот бийлиги башкача өңүттө карашы да мүмкүн.