Жаңылыктар
"Сапат" билим берүү тармагынын директору О. Инандыны уурдап кетүү фактылары буга чейин да катталган
Кыргызстан жаңылыктары
"Сапат" билим берүү тармагынын директору О. Инандыны уурдап кетүү фактылары буга чейин да катталган

Орхан Инандыны 2015-жылдан бери уурдап кетүүгө бир канча жолу аракет жасалган экен. Жада калса 2 жыл мурда ушундай окуялар улам кайталанып жаткандыктан сотко чейинки өндүрүш иштери да ачылган. Атайын кызмат тарабынан Инандыга коопсуздугуна көңүл буруу тууралуу эскертүү берилип, жан сакчы жалдап же коопсуздук үчүн башка өлкөгө чыгып кетүү сунушу да айтылган эле.


Өлкөнүн коопсуздугуна токтолгон УКМК төрагасы Афганистандагы кырдаал Тажикстан менен Өзбекстанга эле эмес, Борбор Азиянын бардык аймагына коркунуч алып келиши мүмкүн экендигин айтты. Афганистандан чыккан качкындар Кыргызстандын аймагына да кириши ыктымал.
 
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети министрлер кабинетине 2009-жылдагы Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоону жана ошону менен бирге “Centerra Gold” компаниясынын курамынан чыгууну сунуштады. Маалыматка караганда келишимди денонсациялоо керектеги тууралуу фактылар бар.


Ал ортодо коррупция менен күрөшүүдө да алгылыктуу аракеттер бар. Жылдын алты айында коррупция жана мыйзамсыз баюу беренелери боюнча 34 кылмыш иши козголуп, жогорку кызматтарда иштеген 32 адам кармалган. Алар мамлекетке 26 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталып, учурда 6 миллиард сомго чукулу кайтарылды.
 
УКМК төрагасы ошондой эле азык- түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине токтолуп, күз-кыш мезгилинде эч кандай кымбаттоо жана электр энергиясынын жетишсиздиги болбой турганын белгиледи. Бул боюнча көзөмөл күчүндө.