Жаңылыктар
Бийик тоолуу “Муз-Төр” чек ара тозоту электр энергиясы менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бийик тоолуу “Муз-Төр” чек ара тозоту электр энергиясы менен камсыз болду

Бийик тоолуу “Муз-Төр” чек ара тозоту электр энергиясы менен камсыз болду. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 30-жылдан мурун курулган алыскы чек ара заставаларынын бири үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болду.

Көмөк чордонду ишке киргизүү аземине энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, министрлер кабинетинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жана “Кыргызстан УЭТ” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков катышты.

110 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордонду куруу иштери 20 күндүн ичинде “Кыргызстан улуттук электр тармагы” жана “Чыгыш электр” ишканаларынын компанияларынын кызматкерлери менен өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү. Курулуш иштеринин жалпы суммасы 5 миллион 700 миң сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Ишканадан билдиришкендей, буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан чек ара тозоту толугу менен дизелдик электр станциясына көз каранды болчу.

Көмөк чордондун курулушу менен бюджеттен жыл сайын болжол менен 2 миллион сом үнөмдөлөт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында заставаны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча буйрук берген.