Жаңылыктар
Бейөкмөт уюмдардын ишиндеги өзгөрүүлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Бейөкмөт уюмдардын ишиндеги өзгөрүүлөр

Өкмөттүк эмес уюмдардын каржы булактарын ачыктоо маселеси Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери эле маал-маалы менен көтөрүлүп келген. 2019-жылы Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары буга багытталган мыйзам долбоорун киргизип, ага ылайык бейөкмөт уюмдар каржы булактары, мүлкү жана чыгымы тууралуу жылына бир жолу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге отчет берип турушу керек. Адистер 30 жыл бою коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигине эч ким көз салбай, башаламан жүргүзүлүп келгенин белгилешет. 
 
Андыктан мыйзамдын негизги максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орнотуу болгон. Анткени буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, айрым бейөкмөт уюмдар четтен ири көлөмдөгү каражат алып, аны башка максаттарга, маселен митинг пикет уюштуруу, кырдаалды курчутууга жумшап, мамлекеттин ички ишине кийлигишкен учурлар катталган.
 
Эми жаңы мыйзам менен бардык бейөкмөт уюмдардын каржылык ишмердиги көзөмөлгө алынат. Айтмакчы, мындай мыйзамдар дүйнөнүн бир катар өнүккөн өлкөлөрүндө кабыл алынган жана кынтыксыз иштейт. Маселен, Финляндияда өкмөттүк эмес уюмдар жыл сайын фискалдык органдарга каржы булактары боюнча отчет берип, алардын иш аракети мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Финляндиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси президентке ишеним грамотасын тапшыруу учурунда айтып берди. Садыр Жапаров элчилер менен өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, анын ичинде бейөкмөт уюмдардын ишмердиги боюнча суроо берген.
 
Бул темада президент Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси менен да баарлашкан.  Франция Европа биримдигинде өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигине катаал көзөмөл жүргүзгөн бирден-бир өлкө болуп саналат.
 

Андыктан Кыргызстанда акыркы 30 жылдан бери бейөкмөт уюмдардын ишмердигине, анын ичинен каржы булактары жана чыгымдары боюнча маселеде толук эркиндик берилип, каалагандай иштеп келишкен. Көпчүлүк уюмдар өз ишмердигинде ачык айкындуулукту туу тутарын ураан кылып келишет. Мындан улам мыйзам менен алардын ишине эч кандай чектөө киргизилген жок, бирок ачык-айкын иштесин деген эреже киргизилүүдө.
 

Мыйзамга 7-июлда кол коюлуп жана ошол күндөн тартып күчүнө кирди. Айрым статистикалык маалыматтарга караганда Кыргызстанда 10 миңден ашуун өкмөттүк эмес уюмдар бар. Документ мына ошолордун бардыгын жылына бир жолу каржы булактары жана анын чыгымы тууралуу отчет тапшырып турууга милдеттендирет.