Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышууга тажик чек арачылары себепкер деп билдирди.

"Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районундагы чек ара аймагында жайгашкан Наумин ашуусунда атчан баратып, Чашмагилдан тилкесинде Тажикстандын чек арачыларынын чабуулуна кабылган. Натыйжада, эки тараптан тең ок атылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат", - деп жазылган маалыматта. Ага ылайык, Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Эки тараптан тең бул окуя териштирилип жатканы маалым болду. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу 8-июлда, саат 16:00 чамасында болгону маалымдалган.