Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары аркылуу маркалоону киргизүү процессин текшерди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө «Товарларды маркалоо» маалыматтык тутуму жана «Текшер» элдик жана инспектордук көзөмөлдүн уюлдук тиркемеси сунушталды.
Бул тутум аркылуу спирт ичимдиктерин жана тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар өз продукцияларын каттоодон өткөрүп, маркалоочу коддорун ала алышат. Мобилдик тиркеме аркылуу керектөөчүлөр продукт жөнүндө толук маалымат ала алат, ошондой эле анын аныктыгын текшерип, жасалма товарлар табылган учурда, салык кызматына тиешелүү чараларды кабыл алуусу үчүн ыкчам белги берүү менен табылган мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат бере алат.
Улукбек Марипов жүргүзүлүп жаткан иштин маанилүүлүгүн белгилеп, алкоголь жана тамеки продукцияларын өндүрүү, жеткирүү жана сатуу менен алектенген бизнес өкүлдөрү менен тыгыз аракеттенүү зарылдыгын белгиледи.
Ушул жылдын 1-июлунан тартып, Кыргызстан алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге санариптик идентификация каражаттары аркылуу милдеттүү түрдө маркалоону киргизген. Продукцияга белги коюу - бул машинада окула турган формадагы белгилердин уникалдуу ырааттуулугу. Милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон товарлардын өндүрүүчүсү же импортеру маркалоо коддорун алышы жана колдонушу керек.