Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 6-июлда Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолукту.
Анда Орхан Инандынын Кыргызстандан Түркияга тымызын алынып кетишине байланыштуу Бишкек Анкарага нота жөткөнүн расмий билдирди. Инандынын кайда экени тууралуу маалымат берүүнү жана аны менен консулдук кызматкерди жолуктурууну өтүндү.
"Министрдин орун басары Явуз Кыран Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарабынын өтүнүчүн Түркиянын Юстиция министрлигинин кароосуна жөнөтө тургандыгына ишендирди. Аны менен бирге ал Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин жана анда анын кайда экендиги тууралуу маалыматы жоктугун айтты", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. 5-июлда түрк президенти Инанды Түркияда экенин жарыялаган.