Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери жалпы наркы 1 млн 600 миң сом болгон аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукцияларын кармашты.
ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү, чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он Эки-Бел айылында тыюу салынган жүктөрдү ташууга шектелген Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенс Спринтер” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 40 куту салынган 240 миң даана, жалпы баасы 1 млн 600 миң сом болгон акциздик маркасы жок, Бирикен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.