Ички иштер министрлиги быйыл жыл башынан бери каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталганын кабарлады.
Ага ылайык, мындай көрүнүштөрдүн басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 880ден ашыгы Ысык-Көлдө орун алган. Ушул учурда жалпы 875 иш сотко жөнөтүлгөн.
ИИМ жарандарды оңой акча табуунун айынан шылуундарга алданып калбоого чакырган. Милиция каржылык мыйзам бузгандар Жазык кодексинин 214-беренесине ылайык жазага тартыларын эскерткен.
Ушул тушта Ысык-Көлдөн сырткары Талас облусунда да каржы пирамидаларын түзгөн учурлар көп катталып жатат. Апта башында Таласта каржы пирамидасынын айынан акчасын алдаткан 200дөн ашуун жаран нааразылык акциясына чыккан.