"Ден соолук кербени" мобилдүү клиникалары Баткен облусунун Лейлек районунан өз ишин баштады.
Алгач, Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мобилдүү клиникалардын даярдыгын текшеришти. Бул көчмө клиника Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондусу тарабынан гранттык негизде каржыланган, “Ден соолук кербени” долбоорунун алкагында Кыргызстанга өткөрүлүп берилип, заманбап мобилдик медициналык комплекстер менен камтылган.
Андан соң дарыгерлер Лейлек районунун чек арада жайгашкан жабыр тарткан, шарты оор айылдарынын жашоочуларын медициналык кароодон баштады. Алар жергиликтүүлөрдү акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүп, дарылашат. Мындан сырткары мобилдүү клиника облустун ар бир район, шаарларында жана ар бир айылдарда калктын саламаттыгын көзөмөлгө алат.
Ошондой эле көчмө клиниканы уюштуруу аркылуу эл арасында ар кандай ооруларды эрте баскычта аныктоо үчүн даректүү профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу менен айылдык жана жетүүгө кыйын аймактардагы калктын ооруларынын алдын алуу жана табуу аракеттери көрүлөт. Бул көчмө клиника аркылуу Баткен облусунун жашоочулары жеринде гинекологиялык, стоматологиялык, хирургиялык, терапиялык жардам алышат, ошондой эле УЗИ жана рентген диагностикасынан өтө алышат.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында эл менен жолугушууларда өлкө башчысы жеке өзүнүн көзөмөлүнө алып, көчмө клиникаларды жөнөтөөрүн убадалаган.