Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырып, "Сапат" билим берүү тармагынын президенти Орхан Инандынын кайтып келишин талап кылды. Маалыматка караганда, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Элчи менен жолугушууну Тышкы иштер министиринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев өткөрүп, Ахмет Доганга Орхан Инандыны түрк тараптын кармоосу жана аны Кыргызстанга жеткирилиши боюнча нота берилди.
"Кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер жасалбашы керек деп эсептейт. Ошондой эле Кыргызстан Инандыны кайтарып берүүнү жана ага карата зомбулук болбошу керектигин талап кылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми элчи Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин белгилеп, ошол эле учурда аны кармоо боюнча атайын операция Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөнү айтылбаганын кошумчалады. ТИМден билдиришкендей, министрлик Орхан Инандыны Кыргызстандын жараны катары өлкөгө кайтарууга жана анын укуктарынын сакталышына бардык аракеттерди жасайт.
Ички иштер министрлиги, УКМКнын Чек ара кызматы Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча азырынча комментарий бере элек. "Сапат" билим берүү тармагынын президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июль күнү кечинде президент Эрдоган түркиялык атайын кызмат Инанды Түркияга алып келгенин жарыялаган.