Жаңылыктар
Энергокомпанияларды бириктирүү каралып жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Энергокомпанияларды бириктирүү каралып жатат

Энергетика жана өнөр жай министри мамлекеттик бөлүштүрүүчү энергокомпанияларды бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу министрликтин Электр энергетика башкармалыгынын жетекчиси Марат Жээнбеков билдирди. 

Анын айтуусунда, энергокомпанияларды чыңдоо үчүн аларды бириктирүү тууралуу сөз болуп жатат. Азыр баары иликтенип, талдоо жүргүзүлүүдө. Бардык реформанын алдында иш канчалык натыйжа берери каралат. Эгер талдоолор экономикалык жактан пайда алып келсе, электр тогун бөлүштүрүүчү жана чыгаруучу компаниялар бириктирилет.

Буга чейин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев ведомство кыскартууларга жана чыгымдарды оптимизациялоого барышы керектигин айткан. 

"Тарифтер энергетикалык компаниялардын чыгымдарына жараша түзүлөт. Бардык чыгымдарды кыскартып, оптимизация кылышыбыз керек. Бизде азыр төрт чоң бөлүштүрүүчү компания бар — "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр". Алар жадагалса керектүү жабдууларын толугу менен сатып ала албайт, түшкөн каражат чыгымдарын жаппайт. Андыктан бириктирүү тууралуу кеп козголду. Мисалы, азыр бир компания жабдууну бир жерден алса, экинчиси башка жактан алат. Анан сапаты жагынан аксайт", — деген Бекмурзаев.

Ошондой эле ал баарын бириктирүү менен энергетика тармагында реформа жасаларын белгилеген.