Өлкөдө ченемден ашкан ысык башталды. Мындай аптап 8-июлга чейин болору болжонду. Кыргызгидромет ушул аптада абанын табы 41 градуска чейин жетерин эскертти. Мындай ысык алты жыл мурда 42 градусту түзүп, рекорддук температурага жакындаган.
Кыргызгидрометте айдын башынан бери көп жылдык байкоолордо катталган абсолюттук эң жогорку температура байкалууда. Айрым күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы 38-40-41 градус болушу мүмкүн.
Адистер көптөн бери мындай ысык боло электигин белгилешүүдө. Жаан-чачындын аздыгы суу тартыштыгын дагы күчөттү. Мисалы, Бишкектеги бак-дарактарды сугаруу үчүн Аламүдүндөн жана Кашка-Суудан суу келчү. Быйыл Кашка-Суудан суу түшкөн жок. Себеби, Сокулуктагы дыйкандардын эгинине жетпей жатат.
Июль азыркы мезгилдин эң ысык айы болгондуктан, ушундай аптап буга чейин дагы жайдын ортосунда катталган. 1983-жылы 30-июлда абанын температурасы 42 градуска жетип, азырынча рекорддук көрсөткүч болуп турат. Андан кийин 2015-жылы 16-июлда дагы ысык 42 градуска чыккан. Дарыгерлер жарандар аптапка даяр болушу керектигин белгилешүүдө. Себеби, 40 градуска чейинки температура Азиядагы өлкөлөргө мүнөздүү.
Адистер мындай аптаптуу ысыкта адамдар көп тердегендиктен, көбүрөөк суу ичип турууну сунушташууда. Күнүнө 2 жарым, 3 литрге чейин суу, шекери азыраак шербет жана башка өтө муздак эмес суусундуктарды ичүү керек. Себеби азыр коронавирус күчөп турган учурда муздак суу ичүү кооптуу.