Жаңылыктар
Суу тартыштыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Суу тартыштыгы

Жаздан бери элеттиктер да шаардыктар да суу тартыштыгынан кыйналууда. Өзгөчө сугат суу дыйкандарды азапка салды. Айдоо аянттарынын көп бөлүгү кургап жатат. Окумуштуулар мындай көрүнүш аба ырайына байланыштуу экенин айтышууда. Күн ысык болгону менен тоонун башында мөңгүлөр эрибей, кургакчылык болуп жатат. 

Аба ырайына жараша мөңгүлөр бийиктигине жана көлөмүнө карап толуп, бөксөрүп турат. Окумуштуулар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жыл өткөн сайын мөңгүлөр эрип келгенин белгилесе, быйыл кургакчылык болуп жатканын айтууда. Анын себеби кыштын кургак болуп, жаздын суук болгонунан улам мөңгүлөр эрибей, суу келбей жатат.

Кыргызстан Тажикстандан кийин Борбор Азия чөлкөмүндөгү суу ресурстарына эң бай өлкө. Эсептөөлөрдө анын 71 пайызын көлдөр, 2 пайыздан ашыгын дарыялар, 0,5 пайызын жерден чыккан суулар жана 26 пайыздан көбүрөөгүн мөңгүлөр түзөт. Кыргызгидрометтин адистеринин айтымында быйыл күн кечирээк ысыгандыктан мөңгүлөрдүн эриши эми гана байкалууда. 

Кургакчылык дыйкандары бушайман кылып турат. Маселени ыкчам чечпесе түшүмдөн кур калып, каатчылык болушу толук ыктымал. Өзгөчө жер-жемиш, дан эгиндеринин түшүмү мол жыйналган Чүй өрөөнүндө сугат сууга байланыштуу кырдаал кыйын. Абалдын чыгуу максатында сууну үнөмдүү пайдалануу чаралары көрүлгөн.
 
Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча Кыргызстанда 6500 чакырым чарчы аянтты түзгөн 9900 мөңгү бар.