Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөндүн үстүндө. Акыркы бир күндө 924 адамдан лабораториялык жактан тастыкталган вирус аныкталды. Ооруканаларда орун дээрлик толуп калды.
Кыргызстанда вирустун үчүнчү толкуну жүрүүдө. Бул боюнча адистер байма-бай эскертүү жасап, элди санитардык эрежелерди сактоого чакырып келет. Тилекке каршы коомчулук оорудан сактануу жол-жобосун толук аткарбай, КОВИД-19 кайрадан күч алды. Соңку бир күндө өлкөдө бир жарым миңдей адам ооруп, 10 чакты киши өмүрү менен кош айтышты.
Учурда бардык аймактарда бейтаптарды кабыл ала турган ооруканалар ачылып кайрылган адам саны көп. Республика боюнча 2200 орундуу 73 стационарда 300дөн ашык орун бош, калганы толуп калган. Мисалы Чүй облустук бириккен ооруканасында 105 орундуу кызыл тилке толук кандуу иштөөдө. Бейтаптын көбү Бишкектин тургундары.
Ата мекендик адистер Кыргызстанда вирустун кандай түрү тараганын Россиядагы лабораториялардан текшертип, ооруга каршы күрөшүү жолдорун кабыл алышат. Саламаттык сактоо тармагы азыркы күндө Британ штаммы кеңири жайылганын, ал эми Индия штаммы аныкталган жок деп билдирди.
Учурда медицина кызматкерлери бейтаптарды атайын комиссия кабыл алган 5- протоколдун негизинде дарылоодо. Протоколго 69 дарынын түрү кирет. Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча 2 айлык дары дармек жана коргонуучу каражаттардын кору бар экендигин, калкты дары каражаттары менен камсыздоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирди.
5-июлга карата 121 601 киши коронавируска каршы вакцина алды. Анын ичинен 81 174 адам вакцинанын экинчи дозасын сайдырган. Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда базар, соода борборлорунда да кошумча эмдөө жайлары ачылары кабарланды. Адистер кайдыгерликтен улам оору күчөп жатканын айтууда. Анткени коомдук транспортто, базар жана соода түйүндөрдө эл массалык түрдө чогулуп, санитардык эрежелер сакталбай, оору күчөгөндүн үстүндө.