Кайталап өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнө аз күн калды. Жаңырган аптанын аягында Бишкек, Токмок жана Ош шаарларында шаардык кеңештерге шайлоо болот.
Коомчулук бул жолу мыйзам бузуулар азайышынан үмүт кылууда. Анткени буга чейин мыйзамсыз иш аракеттерден улам, жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодон кийин шайлоочулар да, саясий партиялар да сестенип калды деген пикирлер бар. Деги эле шайлоо өнөктүгүнө даярдык кандай, үгүт иштери канчалык деңгээлде мыйзамдын чегинде жүрүп жатат?
Ошол эле учурда талапкерлер өз аймагында көбүрөөк колдоого ээ болуу үчүн кайра эле жапырт бир дарекке каттоого тургузуу фактылары болбойт дегенге кепилдик жоктой. БШКга келип түшкөн маалыматка ылайык, Токмок шаарында бир дарекке ондогон жарандар шайлоо алдында катталган учурлар байкалган. Учурда мамлекеттик каттоо кызматына дарегин өзгөртүү боюнча берилген арыздар текшерилүүдө.
Ошентсе да Боршайком бул жолу саясий уюмдар так болуп, добуш сатып алууга барышпайт деген ниетте. Анткени, үчүнчү жолу шайлоо өткөрүүгө бюджеттин чамасы чектелүү. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, кайра шайлоого катышууга партиялар деле анчейин ашыккан жок. Серепчилердин баамында улам эле акча коротуп шайлоого катыша берүү аларга да ыңгайсыз. Экинчиден, жоопкерчилик бар экенин түшүнүп калышты.
Бүгүнкү күндө шайлоого карата даярдык өз нугунда. Кайра шайлоо өтө турган Бишкек, Ош, Токмок шаарларында добуш берүү тилкелери техникалык жабдыктар жана эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болду. Учурда БШК менен мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын акыркы тизмесин түзүп жатат.
Көпчүлүк күткөндөй, көчө жана үйлөрдүн башчылары кошуналарын коркутуп добуш топтобой, мамлекеттик кызматкерлерге кысымга жол берилбесе. Мурдагы шайлоолордо жол берилген талапкерлер менен жолугушууда ачык эле соодалашкан учурлар кайталанбаса. Шайлоочулардын баамында добуш сатып алууга шектелген талапкерлерди дароо жоопко тартып, шайлоочуну айыпка жыкмайын маселе чечилбейт.
Адистер белгилешкендей, добушту сатпай коюу ар кимдин жеке эрки. Же болбосо жарандар өздөрү каалаган талапкерге же партияга эч кимдин мажбурлоосуз добуш берүүгө укуктуу. Ошон үчүн шайлоону таза өткөрүү милдети бир гана мамлекеттик бийликтин же БШКнын колунда эмес, ар бирибиздин, ар бир шайлоочунун колунда.