Кайсы гана өлкө болбосун экономиканы өнүктүрүүдө илимий чөйрөнүн салымы чоң. Бардык тармактар боюнча ийгиликтүү долбоорлор илимий изилдөөдөн кийин гана ишке ашырылат. Бирок, акыркы убакта аткаруу бийлиги бул чөйрөнүн кызматкерлери менен дээрлик кызматташпай калган. Андыктан илим жаатына бөлүнүп жаткан каражат да өзүн актап жатабы деген суроо жаралып келет.
Өлкөдөгү илимий чөйрөнүн өкүлдөрү экономиканын бир катар тармактары боюнча дайым изилдөөлөрдү жүргүзүп, өкмөткө сунуштамаларын берип келишет. Бул максатта атайын илим изилдөөчү мекемелерге бюджеттен 400 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бирок, илимий чөйрө менен аткаруу бийлигинин кызматташтыгы дагы деле солгун.
Бүгүн мамлекеттик кызматкерлер илимпоздөр жана эксперттер катышкан жыйында мына ушул тема талкууга алынды. Адистер ушул кезге чейин илим чөйрөсү менен аткаруу бийлигинин алакасы үзүлүп калганын моюнга алышат. Маселен, Улуттук илимдер академиясы иштеп чыккан ондогон сунуштамалар азыркы учурда жүзөгө ашпай турат.
Адистердин айтымында, илимий изилдөөлөр көп убакытты талап кылганы менен анын экономика жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууда пайдасы чоң. Буга мисал- дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик басымдуу көпчүлүгү илимий чөйрөнүн кеңеши менен иш кылат.
Кыргызстанда 70ке жакын илим изилдөө мекемелери бар. Жана анда 1500ден ашык илимдин докторлору, алты миңге жакын илимдин кандидаттары эмгектенишет.