Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий иш сапарынын алкагында Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын президенти Ровнаг Абдуллаев менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Абдуллаев Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын иши жөнүндө айтып берди. Тараптар Кыргызстанда SOCAR долбоорлорун өз ара аракеттенүү жана жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле расмий иш сапардын жүрүшүндө министр Азербайжандын президентине караштуу жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча Азербайжан мамлекеттик кызматы «АСАН» агенттигинде барды.