Кубанычбек Өмүралиев ишин айкалыштыруу менен Түркиянын Анкара шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Израиль мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болду. Буга чейин бул кызматта Эрик Бейшембиев эмгектенип келген. Ал өлкө башчынын жарлыгы менен кызматынан бошотулду.