Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Европа өнүктүрүү банкынын президенти менен видео аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Европа өнүктүрүү банкынын президенти менен видео аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Президенти Одиль Рено-Бассо менен видеоконференция форматында жолугушту. Анда Кыргызстан менен банктын ортосундагы кызматташуу деңгээлин жакшыртуу маселелери, ошондой эле өз ара аракеттенүү чөйрөсүн кеңейтүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды. 

Мамлекет башчы ишкерлердин жана инвесторлордун көйгөйлүү маселелерин талкуулоо жана чечүү максатында, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен ачык диалог жүргүзүү үчүн Президенттин алдында атайын кеңеш түзүү пландалып жатканын маалымдады. Ошого байланыштуу аталган банкты бул кеңешти түзүүгө катышууга жана колдоо көрсөтүүгө чакырды. 

Ошондой эле Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкын энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, айыл чарба, туризм сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык ресурстарды активдештирүүгө жана мобилизациялоого чакырды. Айтымында, энергетика тармагы масштабдуу технологиялык жаңыланууну талап кылат, бул үчүн олуттуу инвестициялар керек. 

Президент жаңылануучу энергия булактары жаатында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгилеп, ошондой эле негизги көңүлдү чакан жана орто бизнести колдоого буруу керектигин билдирди. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын президенти энергетика тармагында жаңы жумуш орундарын камсыз кыла турган долбоорлорду ишке ашырууга, текстиль жана туризм чөйрөлөрүндө, калкты суу менен камсыз кылуу маселелеринде колдоо көрсөтүүнү пландап жатканын белгиледи.