Жаңылыктар
Алдамчылык менен ири өлчөмдөгү чыгымга учураткан шектүү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Алдамчылык менен ири өлчөмдөгү чыгымга учураткан шектүү кармалды

Чет элдик ишкерди алдап, ири чыгымга учураткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы кабарлады. 

Кылмышка шектүү 2017-жылы түркмөнстандык ишкерден кымбат баалуу автоунаа алып, акчасын бербей жүргөн. Алдамчылыкка шектелген жарандын баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, эки айга камалды. 

Жабырлануучу көптөгөн кайрылуулары каралбай, маселеге эми гана көңүл бурулганын билдирди. Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучуга зыянды төлөп берүүгө макул болду. 

Маалымат каражаттары кармалган адам мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун тууганы экенин жазып чыгышты. Атахановдон буга байланыштуу жооп боло элек.