Кыргызстан менен Палау ортосунда Дипломатиялык мамиле түзүү жөнүндө биргелешкен расмий чечимдин долбоорун жактыруу жөнүндө тескемеге кол коюлду.
Документке Президент Садыр Жапаров кол койду. Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган биргелешкен чечим анча маанилүү эмес өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга берилет.