Жаңылыктар
Кыргыз - Азербайжан кызматташтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - Азербайжан кызматташтыгы


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында бул өлкөнүн Тышкы иштер министри Джейхун Байрамов менен жолугушту. Анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди активдештирип, жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгилешти. 

Казакбаевдин айтымында, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын уюштуруу эки тараптуу мамилелердеги негизги окуя. Ошондой эле ал Президент Садыр Жапаров мамлекеттер аралык кызматташууга жаңы маани берген эки демилге менен чыккандыгын маалымдады. 

Тагыраагы, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди, мамлекет башчыларынын деңгээлинде мамлекеттер аралык кеңешти жана "Борбордук Азия - Түштүк Кавказ" региондор аралык платформасын түзүү. Мындан тышкары тараптар биргелешкен инвестициялык фондду түзүү, түз авиакаттамдарды жандандыруу, маданий-гуманитардык кызматташтык, анын ичинде студенттер менен алмашуу маселелерин талкуулашты. 

Министрлер COVID-19 пандемиясынан улам болгон чектөөлөргө карабастан, ушул жылдын 5 айында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 67 пайызга өскөнүн белгилешип, мындан ары да дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу улана берерин айтышты.