Жаңылыктар
Бир суткада 1 миң 352 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бир суткада 1 миң 352 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду

Акыркы бир күндө өлкөдө коронавирус дагы 1 миң 352 адамдан аныкталып, 8 бейтап көз жумду. 

Вирус жуктургандардын 803ү эле Бишкек шаарында катталды. Ал эми Ош шаарында - 42, Чүй облусунда - 189 , Ош облусунда - 67, Талас облусунда - 29, Нарын облусунда - 24, Ысык-Көл облусунда - 37, Жалал-Абад облусунда - 80, Баткен облусунда - 81 адамдан илдет табылды. Ошондой эле бир суткада 665 адам илдеттен сакайды. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 864 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 318 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 514 бейтаптын абалы орто оор болсо, 1 миң 97 адамдын абалы оор. Дагы 174 бейтаптын абалы өтө оор. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 129 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 111 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 27 адам каза болду.