Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында таза суу маселеси чечилбей жатат. Тургундар 3 жылдан бери көйгөйдөн арыла албай убара. Өзгөчө ысыктын күнүндө кыйналган Таш-Дөбөлүктөр көңүл бурулбай калган скважинаны оңдоп берүүнү жергиликтүү бийликтен суранышууда. Ал эми Аламүдүн райондук мамлекеттик адмиинистрациясы маселе 10 күндүн ичинде чечилерин убадалап жатат.