Мамлекеттик мекемелердин иш натыйжасын арттыруу жана бюджеттин каражатын үнөмдөө максатында мамлекеттик кызматкерлердин саны 30 пайызга чейин кыскартылат. Мындай чечим президенттин "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыгынын негизинде ишке ашырылмакчы. Азыркы учурда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ал ар бир министрлик, ведомстволордо жүргүзгөн анализден кийин тиешелүү сунуштарды берет.