Бишкектин алыскы Бугу-Эне-Багыш конушун көптөн бери түйшөлтүп келген көйгөйлөр чечиле баштады. Конушта буга чейин жашоого ыңгайлуу шарт болбогондуктан, тургундардын көбү борбордо батирде турушчу. 15 жылдан бери жарык жетпеген жерге электр энергиясы, ичүүчү суу жеткирилип, жергиликтүүлөр кубанып турган чак. Алар өз сүйүнүчтөрүн биздин чыгармачыл топ менен бөлүшкөн.