Жаңылыктар
Кыргызстанга кирүүнүн жол-жоболору
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга кирүүнүн жол-жоболору

Кыргызстандын аймагына кирген жарандар акыркы 72 саат аралыгында жасалган ПЦР-тесттин анализин же коронавируска каршы вакцина алгандыгы жөнүндө сертификатын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө төмөнкү мамлекеттерде вакцина алган жарандардын сертификаттары Кыргызстанда таанылат. 

Алар Америка Кошмо Штаттары, Бириккен Араб Эмираттары, Венгрия, Германия Федеративдик Республикасы, Грузия, Европа Биримдиги, Израиль, Казакстан, Катар, Корея, Өзбекстан, Польша, Россия Федерациясы, Румыния, Сан-Марино, Сауд Арабиясы, Түркия, Улуу Британия, Франция, Швейцария Конфедерациясы. Министрлик башка дагы мамлекеттердин сертификаттары кошулушу мүмкүн болгондуктан тизме өзгөрүп турарын кабарлады.